Кыргызстанга Аскар Акаев эмес, анын уулу Илим Акаев келди

Бүгүн, 5-августта Кыргызстанга өлкөнүн экс-президенти Аскар Акаев эмес, анын уулу Илим Акаев келди. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Кечээ Аскар Акаев бир тууган агасы Болот Акаевди жерге берүү зыйнатына катышуу үчүн келери айтылган эле. Кыргыз авиакызматкерлеринин профсоюзунун ардактуу төрагасы, Кыргызстандын туңгуч президенти А.Акаевдин бир тууган агасы Болот Акаев 81 жашында каза болгон. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев 2005-жылдагы революциядан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (52)
Mystery
2014-08-05 13:41:12
АКАЕВ абдан интелекти жогору болуп канчалаган башка олколор менен алака кылганды билген. Болгону жумшак болгону, адамдын конулун оорута албаган мунозу жанындагы иштегендер колдонду. Ким айтат азыркы бийлик Акаевдин убагында иштеген эмес деп, коррупционер болгон эмес деп. АША отурат го Кыргыз Автомашты сатып байып
+2
Alai.kyzy
2014-08-05 13:52:03
Неге Акаевди жаман корушот билбейм. Келип кетсе болмок ушундай жамандыкта. Ал биздин тунгуч, билимдуу, илимдуу, жумушун так билген, башка олкого урматы бар биздин баштык болду. Мыналарды башка мамлекеттин депутаттары да тоготушпайт гоо. Мен жаран катары Акаевдин жакшылыгын кордум. Ал баштык болуп турган кезде Казакстандагы мигранттарга жумушка уруксат кагазын алып берчу 3000с бир жылга. Азыр 1000$га да беришпейт же АШАлар алып бере алышпайт. Акаевтин баласы, аялын камаш керек. Акаев жакшыле...
+2
makwell
2014-08-05 14:13:40
Акаев азыркы болор болбос президентерден коро...1000эсе жогору...аны баары билишет..азыркы манкасы акан бийлик жамандаса деле уже эл озу баарын билет..
+4
alibekova94
2014-08-05 14:44:00
ушунун баарын окуп отуруп жопжонокой адам болуп жашап жатканыма дагы бир жолу шугур келтирип алдым ! Жаткан жери жайлуу болсун! Акаевге келсек созум жок ...
-2
LaraKroff
2014-08-05 15:15:48
Аркасынан мактай беребиз да, куноосу жок болсо тируу кезинде оз олкосуно батынып келе албачудай, бир бооруна топурак сала албачудай жаза тартамак эмес. Илимий адам катары созум жок, бирок, менин оюмча саясатка чейин оз профессиясы менен кадыр-барк тапкан адамдар саясатка аралашып оздорун булгап алышат.
+1
Lilia11
2014-08-05 17:01:28
Дагы бир жылдан сон келсе таза киши болуп келет. Анткени бардык куноолор алынып салынат. 10 жыл болот. Демек срок годность бутот. 10 жылда дело жабылат....
+1
Dadin1
2014-08-05 17:22:32
Lilia11, азыркы бийлик канча жыл отсо да камалат жоопкерчиликтен кутулбайт деп закон кабыл алып койюшкан.Так что хоть 20 жылдан кийин келсе да камалат.
-2
g.nur
2014-08-05 19:05:25
татынакай экен баласы )))
-1
MirlankMedina
2014-08-05 19:06:06
мумкун келип кетип жургондур жасалма маска менен кайдан билебиз акча десен акча бар азыркы заманда ташайсын жашайсын
0
urmat_88-kg
2014-08-05 19:54:39
Эл менен сен бийиксин элден качсан кийиксин дегендей. Озундун мекенине басып келе албасан тууганынды ак кепиндеп акыркы сапарга узата албагандан откон жаза жок. Аскар Акаевдей президентке жетпей калдыкко
+1
bars_wire
2014-08-05 21:49:53
Биз барктай,колдой албаган адамдар чет мамлекетке илим-билим,онор,акылын тогуп берип жатышат.Кыргыз эли жамандашка устабызда,жакшысында дудукбуз,козубуздун кырын салып отуп кетебиз.жамандыктарда коншу Озбекстанда кирди,чыктыга уруксат берет.Чондорубуз ото чон куноо кылды окшойт.Аганыздын жаткан жери жайлуу болсун,аллахым бейиштен орун насип этсин.
0
avazkg
2014-08-06 00:02:40
Жаман жаман дей берсек бизге ким жагат кыргызда жакшы соз бар туугандар алдына келсе атандын кунун кеч деген келсин алделе жакшы адам
+1
dav312
2014-08-06 00:14:21
акаев болбосо кыргызстан эч ушу абалга келмек эмес акаев пайдубалын жакшы туптоп койгон ошол учун кыргызстан кыргызстан бонюнча келе жатат ошол убакта ушул бакиев атанбаев болгондо азыр кыргызстан жок болмок картада
-2
admin_portal
2014-08-06 12:35:38
berdishov89 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
Revolyutsioner
2014-08-06 22:18:27
Begim8678 сен байлардын кошогун кошкон учурдун Арзыматына айланыптырсын. Маркумду жакын адамдары жерге узатсын, ал тууралуу кеп жок, бирок сен айткандай Акаевди Кыргызстанда куткон бир ууч адам болбосо копчулугунун корорго козу жок. Агасын комо албай калды деп жан тартып жатасын, Акаевдин "кучтуу экономикасынан" улам миллимондой жарандар чиедей балдарын, кары ата-энесин таштап тентип тышта акча таап журушот, канча жаран жакынына оз учурунда топурак сала албай арманда калды, аларды ким ойлойт?!!
0
Revolyutsioner
2014-08-06 22:23:53
Мына Россия, Казахстанда Акаевчилеп завод-фабрика, фермаларды талап-тоноп булунтпой, сактап калып бугун иштетип жатышат, ал эми бизде жумушка жарактуу миллиондой жаштарыбыз союздан калган бут завод, фабрика,фермалардан айрылып, тышта иштеп журушот башкалардан кордук корупж, алыста жаш балдарынын кулкусуно, кары-оорулуу ата-энелерибиздин мээримине зар, жакын адамдары каза болсо убагында келип топурак сала албай арманда калган жараныбыз канча.А сен болсо Акаев, Бакиевди ойлойсун ханча жашап жаткан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан