"Кайрымдуулук кыл же өзүңө муздак сууну куй" акциясына катышкан 18 жаштагы шотландиялык жаран каза тапты

Шотландияда 18 жаштагы жарандын "Кайрымдуулук кыл же өзүңө муздак сууну куй" онлайн кайрымдуулук акциясына катышып каза болгону айтылууда. Аты аталбаган жаран Инверкитинг шаарындагы Престон Хиллз жарынан кулап кеткен. 

Анын Бернтайленд шаарынан келгени белгилүү болгон. Бийлик өкүлдөрү "маркум өзүнүн үстүнө муздак суу куйганда дароо каза болгон" деп билдиришүүдө. Бирок эч кандай далил көрсөтүлгөн эмес. Айрым маалыматтарда бала үстүнө суу куйган соң тайгаланып жардан түшүп кеткени айтылды. Ал эми каза болгон жарандын жакындары флешмобдун алкагында тартылган видеону таратпай жатышат. Бул тууралуу 25-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Престон Хиллз деп аталган жардын бийиктиги 24 метрге чейин жетет. Бийлик эки жыл мурун аймакты кооптуу жайлардын катарына киргизген. 

"Кайрымдуулук кыл же өзүңө муздак сууну куй" аталышындагы флешмобдун күн санап популярдуулугу артууда. Акцияга ырчы, актёрлордон тартып саясатчыларга чейин катышканы үлгү болгонбу, айтор, дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган эл кайрымдуулукту түрдүүчө жасап жатат. Индияда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир чака күрүч берип жаткандагы сүрөттү интернеттеги социалдык тармактарга жүктөө эрежеси менен акция өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
realbek89
2014-08-26 19:19:52
Бул деген кокустан болуп кетиптир да бул нерсенин флешмобго эч кандай тиешеси жок
0
Dadasdasd
2014-08-26 19:24:11
Көк мээлер.
+3
oki-doki
2014-08-27 11:24:17
Суперлер озунор качан кыласынар?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан