"Кайрымдуулук кыл же өзүңө муздак сууну куй" акциясынан 62 миллион доллар чогулду

"Кайрымдуулук кыл же өзүңө муздак сууну куй" аталышындагы флешмобго дүйнө эли катышып, 62 миллион доллар чогулду. Өткөн жылы 2 миллион доллар чогултулган болсо, быйыл акыркы аптада эле 20 миллион доллар жыйналган. Ага дүйнөгө белгилүү жүздөр, саясатчы, Голливуд жылдыздары катышууда. Алардын катарын "Фейсбуктун" негиздөөчүсү Марк Цукерберг, ырчы Жастин Бибер, Женнифер Лопес, "Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс менен башкы директору Сатья Наделла, футболчу Криштиану Роналду, актёр Мики Рурк, "Google" корпорациясынын башкы директору Ларри Пейж, АКШнын мурунку президенти Жорж Буш толуктаган. 
Интернет колдонуучуларынын арасында популярдуулугу арткан флешмобго кыргыз коомчулугу да катышууда. Өткөн апта соңунда ырчы Азат Болотбек баштап, "Муздак суу" флешмобун улантуу үчүн эстафетаны үч ырчыга өткөрүп берген. Ошондой эле жергиликтүү басылмалардын чакырыгына жооп кылып алып баруучу Жанар Акаев: "Дүйнөдө жүрүп жаткан "Ice Bucket Challenge" акциясын улай биз да тээ Чуңкурчакта эс алып жүрүп мөңгүнүн муздак суусун денебизге куйдук жана учурда Москвада оор абалда жаткан Тынчтыкбек уулу Бактиярга 1000 сом бөлдүк. Тизгинди депутат Равшан Жээнбеков, Мирбек Атабеков жана Юлия Руцкаяга өткөрдүм. Силер да акцияны улай муздак суу куйгула же Бактиярга каражат бөлгүлө",- деп аты аталгандарды 24 сааттын ичинде акцияга катышууга чакырды.
Онлайн кайрымдуулук акциясын бейсболчу Пит Фрейтс баштап берген. Ал 2012-жылы 27 жашында майыптар арабасына отуруп калган. Ага "каптал амиотрофикалык склерозу" диагнозу коюлгандан кийин бул көйгөйгө жалпы коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн интернеттеги социалдык тармактар аркылуу флешмоб өткөрүүнү ойлоп чыккан.
Фрейтс виртуалдык эстафетаны алгач бейсболчуларга узатып, эстафета дүйнөгө тарады. Флешмобдун эрежеси боюнча бир чака муздак сууну баштан ылдый куюп, 10 доллар кайрымдуулук кылуу зарыл. Андан кийин үч адамды кошулууга чакырышы керек же кургак бойдон калып, бул ооруну изилдөө үчүн 100 доллардан кем эмес кайрымдуулук кылуу талабы бар. Мунун баарын 24 саат ичинде ишке ашыруу керек.
Ледяной флешмоб - Марк Цукерберг
Ледяной флешмоб - Билл Гейтс Марк Цукербергдин чакыруусун кабыл алган)))
Муздак суу флешмобу - Азат Болотбек
Муздак суу флешмобу - Жанар Акаев
Ледяной флешмоб - Жастин Тимберлейк
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ayakosya
2014-09-04 19:19:42
Кайрымдуулуктун жаны туру
0
kerakg
2015-03-31 10:41:58
Биздин депутаттарга ылайыкэкен. элди ойлогула же кастюмшым галстукчан туруп тобондон ылдый муздак суу куйун деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан