Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинде 23-сентябрда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланышкан бир катар мыйзам долбоорлору каралды. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусовдун айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоорлору улуттук мыйзамдардагы аталмаларды Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарында камтылган аталмаларга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.
“Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө” сындуу айрым мыйзамдарга “чек ара аркылуу акча каражаттарын жана акча инструменттерин (баалуу кагаздарды) алып өтүүнүн тартиби”, “бажы чек арасы”, “Бажы биримдигинин ченемдик актылары” деген сындуу жаңы аталмалар киргизилип жатат.
Андан сырткары "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" мыйзамга курамында акыл-эске таасир берүүчү заттар менен анын прекурсорлору бар дары-дармектерди ташуу жана сатуу укугун юридикалык жактарга ыйгаруу тууралуу талап киргизилип жатат. Бажы көзөмөлдөрүн күчөтүү талаптарына ылайык, аларды ташыган жана саткан жеке жактар юридикалык жак катары катталууга тийиш. Мыйзам долбоорлору жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.