“Өкмөт тарабынан бир катар мыйзамдардын ички жоболорунун, аткаруу механизмдеринин иштелип чыгышы кечиктирилип жатат”,- деп билдирди вице-спикер Төрөбай Зулпукаров бүгүн, 23-сентябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде. Зулпукаров Жогорку Кеңештин демилгеси менен 19-сентябрда өкмөт жыйынында парламент кабыл алган мыйзам, токтом-чечимдердин аткарылышы тууралуу маселе каралып, 35 мыйзамдын аткарылышы боюнча маселе көтөргөндүгүн белгиледи.
Анын айтымында, 2011-2013-жылдар мезгилинде 35 мыйзамдын ичинен өкмөт тарабынан кабыл алынбаган токтомдордун жалпы саны 14тү түзөт, булар боюнча жоболорду жана эрежелерди кабыл алуу боюнча тийиштүү түрдөгү комплекстүү иш-чаралар жок.
Мындан сырткары депутат, дүйнөлүк практикага ылайык, мыйзам долбоорлорунун 85-90 пайызы өкмөт тарабынан сунушталарын белгилеп, кабыл алынган мыйзамдардын сапаттуу болушу үчүн мыйзам долбоорлору өкмөт тарабынан сунушталса деген пикирин айтты.