Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Сауд Арабия Падышалыгынын Аш-Шура Мажилисинин төрагасы Абдалла бин Мухаммад Аль аш-Шейхке улуттук майрамы – Сауд Арабия Падышалыгынын жарыяланган күнүнө карата куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан сизди улуттук майрам – Сауд Арабия Падышалыгынын жарыяланган күнү менен куттуктайм. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиянын ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлге чыкканын баса белгилөө зарыл. Ошол эле учурда биздин мамлекеттерибиздин ортосунда кызматташуу боюнча мүмкүнчүлүктөр чоң. Эки тараптуу мамилелерде өзгөчө орунду ээлеген парламенттер аралык байланыштарды бекемдөөнү биргелешкен күч-аракет менен улантабыз деген ниеттемин” деп айтылат спикердин куттуктоосунда.