Саясат таануучу: “Кыргызстанда саясий партиялардын 7 пайызы гана активдүү”

Бүгүн, 23-сентябрда “Шайлоо-2015: Жаңы үмүттөр” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө саясий ишмер Бакыт Орунбеков: “Кыргызстандагы партияларды үч түргө бөлсө болот”,- деп билдирди. “Биз 190 партияны изилдеп, аларды активдүү, пассивдүү жана жөн эле каттоодо турган деп бөлдүк:

Активдүү партиялар жалпы партиялардын 7 пайызын түзөт. Алар ар дайым шайлоолорго катышат. Лидерлери саясий акцияларды уюштуруп келишет. Алар чоң маселелер боюнча өз пикирин айтышат. Ушул бөлүккө бийликтеги 5 партия жана сырттагы 7 партия кирет.

Пассивдүү партиялар 16 пайызды түзөт (31 партия). Шайлоолорго кээде катышып, кээде катышпай коюшат. Бул бөлүктөгү партиялардын лидерлери саясий акцияларга кээде катышса, кээде үнү чыкпай калат. Алардын айрымдарын эч ким билбейт.

Аты бар, заты жок партиялар да бар. Алар каттоодон өтүп, эч кандай саясий иштерди жүргүзүшпөйт. Аларды коомчулук тааныбайт. Бул бөлүккө 150дөн ашык (77 пайыз) партия кирет”,- деп түшүндүрдү адис.

Мындан тышкары ал оппозиция жөнүндө мыйзам керек экендигин баса белгиледи. “Биз кимди оппозиция деп айтабыз? Анын кандай милдеттери бар? Ушунун баары тууралуу жазылыш керек”,- деп кошумчалады Орунбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан