Бүгүн, 23-сентябрда вице-премьер-министр Валерий Диль Бишкек шаарынын кышка даярдыгын текшерүү боюнча иш сапарын улантты. Аламүдүн отун базасына барган вице-премьерге Свердлов районунун акими Алтынай Өмүрбекова жыл сайын көмүргө болгон муктаждык 44-50 миң тоннаны түзөрүн билдирди.
“Бир катар билим берүү мекемелеринде 711 миң сом суммасына терезе пакеттери алмаштырылып, жылуулук трассалары жана жылытуу тармактары оңдолгон. Мындан ары карай бюджеттик уюмдар оңдоо иштерин жүргүзүүдө дубал, чатыр жана терезелерди жылытууга көңүл бурушу зарыл. Бүгүнкү күнгө карата энергетиканы үнөмдөө жана жылуулатуу иш-чаралары акча каражатын үнөмдөөгө көмөк көрсөтөрү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө",- деди Өмүрбекова.
Отун базалары боюнча Валерий Диль Бишкек шаарынын чегинде жайгашкан бардык отун базаларына калкка ылайыктуу болуш үчүн 7 күндүк ишке өтүүнү тапшырды.
“Акыркы жылдары республикада калкты көмүр менен камсыздоо иши натыйжалуу жүргүзүлүүдө. Эң негизгиси, кыштын жакындап калышына таянып, көмүргө карата баа негизсиз жогорулатылбашы керек. Эч кандай бааларды жасалма түрдө көтөрүү орун албашы керек, баары графикке ылайык жүргүзүлүшү шарт”,- деди вице-премьер.