Кыргызстанда сот адилеттигин өркүндөтүү үчүн эксперттик жумушчу топтор түзүлдү

Кыргызстанда сот адилеттигин өркүндөтүү үчүн эксперттик жумушчу топтор түзүлдү. Тийиштүү буйрукка 23-сентябрда КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев кол койду. Жумушчу топ КРнын Эреже бузуулар жөнүндө кодексинин долбоорлорун жана соттуулукту каттоо жана мунапыс берүүнүн негиздери бөлүгүндө аны жана башка процесстик мыйзамдарды коштогон мыйзамдардын долбоорлорун, пробация кылуу системи боюнча КРнын Жазык-аткаруу кодексинин жаңы редакциясынан келип чыккан мыйзам долбоорлорун иштеп чыгат. Ошондой эле сот адилеттигин жүргүзүүдө укуктун процесстик жана башка ченемдерин өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун пакетин кабыл алууга байланыштуу финансылык-экономикалык эсептерди жүргүзүп, мүмкүн болгон чыгымдарга баа бермекчи. Эксперттик жумуштук топтордун курамына Кыргызстандагы мамлекеттик органдардын, сот корпусунун өкүлдөрү, юристтер жана көз карандысыз эксперттер кирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан