Жоомарт Оторбаев “Кумтөр” боюнча келишимге жаңы жылга чейин кол коюлушу мүмкүн экенин айтты

“Кумтөр” боюнча иштелип чыккан келишимге жыл аягына чейин кол коюу аракети жасалууда. Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Анын айтымында, “Кумтөр” долбоору боюнча келишимди жаңыртуу жаатында сүйлөшүүлөр улантылууда. “Учурда бир чоң долбоорду иштеп жатабыз. Ал эми жаңы долбоорлорду жыл аягына чейин парламентке кароого алып келебиз. Учурда 8 долбоор иштелип чыкты, ал англис тилинде болгондуктан, кыргыз жана орус тилине которулуп жатат. Бул долбоорлор өтө маанилүү долбоорлор. Жалпы 500 беттен турат”,- деди Оторбаев.  

"Кумтөрдөн" 200 миллион доллардын чыгарылып кетиши боюнча козголгон кылмыш иши азыр сотто каралып жатканын кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан