"Кыргыз тамекиси" ишканасы жоюлат. Муну парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев тастыктады. "Бул мамлекеттик ортомчу ишкана катары түзүлгөн, өкмөттүн токтому чыкса, эртеңби, бүрсүгүнүбү, жоюлат",- деди министр. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөттүн токтомунун негизинде президент атайын буйрук чыгарып ишкананы жоё турганын кошумчалады.