24-25-cентябрда Ош жана Баткен шаарларында 6-республикалык театр фестивалынын ачылышы болду. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 26-сентябрда билдиргендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Ош жана Баткен облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, маданият кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Баткен шаарында ачылыш аземи А.Жайнаков атындагы Кыргыз драма театрында орун алды. Бул күнү көрүүчүлөр аталган театрдын артисттери койгон “Ата мурас” чыгармасына күбө болушту. Ошондой эле С.Пушкин атындагы Тажик театрынын артисттери тартуулаган “Мен 5 мүнөткө гана күйөө баламын” аттуу спектаклдин бет ачарын көрө алышты.