Биз социалдык тармакта

Каржы министринин орун басары болуп Алмазбек Азимов дайындалды

Каржы министринин орун басары болуп Алмазбек Азимов дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 27-сентябрда билдирди. Маалым болгондой, Азимовду министрликтин жамааты менен каржы министри Ольга Лаврова тааныштырды. Министрдин мурдагы орун басары Таалай Таткулов 25-сентябрда өзүнүн берген арызынын негизинде жумуштан бошотулган.

Айта кетсек, Азимов буга чейин КРнын Президентинин аппаратынын финансы-экономикалык жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан