Алмазбек Атамбаев Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту
28-сентябрда Стамбул шаарында президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Жолугушуу мамлекет башчынын 2014-жылдын 28-29-сентябрында Стамбулда өтүп жаткан "Региондук өнүгүү үчүн ресурстарды ачуу" маселеси боюнча Дүйнөлүк экономикалык форумдун атайын жыйынына катышуусунун алкагында өттү. Алмазбек Атамбаев жана Режеп Тайип Эрдоган эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы перспективаларын талкуулашты. Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы түрдүү тармактардагы өз ара кызматташуунун жогорку деңгээлин белгилешти жана боордош эки өлкөнүн ортосундагы өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн маанисин баса билдиришти.