Филармониянын артисттери Бишкекте гала-концерт беришет

Бүгүн, 3-октябрда улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата Бишкектеги Улуттук филармониянын артисттери “Өнөр ыйык, өткөндөрдүн мурасы, филармония - таланттардын уясы” аттуу отчёттук концертин беришет. Филармониянын түзүлгөндөн баштап жалпы тарыхын чагылдырган бул концерт кыргыздын ыр-күү өнөрүнүн пайда болушунан тарта бүгүнкү өнөр маданиятына чейин камтыйт.

Филармониядан билдиришкендей, концерт "Манас" эпосу менен башталып, симфониялык, эл аспаптар оркестрлеринин коштоосунда, бий менен жалпыланып сүрөттөлөт.

Концерттин андан аркы бөлүгүн улуу акын Т.Сатылгановдун чыгармачылыгы жана анын замандаштары Жеңижок, Эшмамбет, Кулуке,  Коргоолдун чыгармачылыктары ээлейт. Токтогулдун ролун акын Элмирбек Иманалиев, Эшмамбетти Азамат Болгонбаев, Кулукени Кылыч Бекишов, Коргоолду Амантай Кутманалиев, ал эми анын шакирттери Алымкулду Аалы Туткучев, Калыкты Самат Көчөрбаев, Барпынын образын Мурадил Сагыналиев алып чыгат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан