Ырчы Дайыр Исмадияров “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин алды

Ырчы Дайыр Исмадияровго КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси тапшырылды. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 6-октябрда SUPER.KG порталына билдирди.

Дайыр Исмадияров: “Маданият министрлигинен жеке концертимдин алдында сюрприз кылып бул наамды ыйгарышты. Чынын айтсам, күткөн эмесмин, абдан ыраазымын. Бул наамды мага аванс катары берилгендей кабыл алдым. Талыкпай иштеп чоң наамдарды алганга аракет кылам. 7 жыл сахнада жүргөнүм менен, бул наамга татыктуумун деп айта албайм”,- дейт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Biinura
2014-10-06 14:59:38
Дайырга ушул сыйлык стимул берип дагы да болсо осо берсин, жанылануунун дайрасында ага берсин эл катары. Сыйлыгын кут болсун!
-13
novayariga
2014-10-06 15:33:20
Бир ырын жакшы коруп бироо угуп жургонун корсом олойун. Коро албастык эмес жон гана зээним кейип жатат, эми былчылдатып эмгек синирген ырчы деген наамды алсан да тан калбайм.
+16
MARGO55
2014-10-06 15:34:11
Бейишин болгур,Жанибек Алыкулов эмгеги синмек турсун тамга тааныган балдар да таанып билген кыргыздын сыймыгы болуп,жашоодон тош белгисиз кете берди эле,Эми ушул жооругунар аябай кейичтуу болуптур 7жыл ичинде эле эмгеги синип кетсе анда мен оозумду эки колум менен эле жаап алат окшойм.Жада калса Дайырды копчулугуле тааныбайт эки куплет ырды бла бла деп эле созолонтуп койсон тош белги даяр экен да.Анан Бек Борбиевдей адамды байкуш кылып кечирим сурасын деп тантыйсынар.
+13
baiysh0704
2014-10-06 15:55:55
Оо маданиятынар менен жерге киргирлер,ушу кантип болсун.Канчалаган ушундай наамга татыктуулар журот,аларды корбой ушул 7-жылдыкты коруптурбу.Ойлобогула коро албастык деп,мен озум жакын жердеши болом просто тутойум да тутойм.Мен куйуп барам,мен орттонуп барам.
+15
alai81
2014-10-06 16:24:19
Дайыр кут болсун!Дайыр чындап мыкты кызмат кылып атат,мен мен деген ырчылар азыр айылдарга барбай калышкан,тойдон тапканыбыз жетет деп.Дайыр болсо Кыргызстанды түрө кыдырып концерт койот айылдын жаштарына бир аз да болсо кубаныч тартуулайт.
-16
Jyrgal_msk
2014-10-06 16:33:46
Татыксыз.
+17
semakg
2014-10-06 16:34:05
Эмне учун Нурлан Тилебаев, Рахман Разыков, Борончу, Жамбыл, Абдылда байкелерге Юрий Бобков, Чоро Думанаев, Аалы Туткучев, Женишбек Жумакадыр, Сыймык Бейшекеев, Бек Борбиев, Мухтар Атаналиев, Садык Шер-Нияз, Бактыяр Токторов сыяктуу адамдарга берилбейт?
+14
12.12.12
2014-10-06 17:29:05
semakg, Алар татыктыксыз го)))
+3
kama_future_millioner
2014-10-06 17:52:29
Маданият министри ким озу азыркы учурда
0
ais9
2014-10-06 20:03:01
Бул экс-министирдин кэтээрде кылган "жакшылыгы го"(((
"Сюрприз" имиш(((
+15
samidinova84
2014-10-06 20:36:59
Мен да коп жылдан бери РФдан иштеп келем,мага да анда КРнын экономикасына мыкты салым кошуп жатат деп орден берсе болгудай,мен сыйактуу 1000000догон кыргызга. Дайыр окуп калсан капа болбо,бул ачууу чындык.мен сени татыктуу эмессин дебейм,дагы орден алууна убакыт,эмгек керек эле.бул менин жеке оюм.
+1
miss2014
2014-10-06 23:25:39
"Куткон эмесмин, абдан ыраазымын"кантип жалган айтат экен э
0
Biinura
2014-10-07 11:00:30
Биз неге бири-бирибизге колдоо корсото албайбыз? Качан болсо бироонун жетишкендигин коро албай артка тартабыз. Жакшыны жакшы деш биздин улут учун оор сезилет, ал эми жаманды унчукпай эле коеюн. Жаман болсо да жакшы деп колдоп койсо осот, онугот дегендей.
+3
ideat
2014-10-07 12:19:27
Ушул эле сыйлыкты миллиондогон акчасын коротуп, кыргыз деп күйүп, "Манас" эпосун ЮНЕСКОдон катоого өткөргөн К.Самаковго берген министрлик. Бали!
+1
Atyrgul84
2014-10-08 08:57:51
Албетте бул наамга татыктуу эмес.Дайыр кыргыз маданятына көрүнүктүү кызмат кыла элек,ар дайым жандуу үн менен ырдаса ошол чооң салым болмок. Сырты жалтырак ичи калтырак ырчылардын катарын толуктайт.
+2
Turadi
2014-10-08 13:01:55
Бунун аткарган бир тын ыры жок, анан каяктан мыкты кызматкер болуп алды?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан