Айчүрөк Иманалиева Чехияда өтчү “Бриллиант үн” Эл аралык сынагында калыстар тобунун мүчөсү болот

КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева Чехиянын Прага шаарында өтө турган “Бриллиант үн 2014” (“Diamond Voice”) Эл аралык фестиваль-сынагында калыстар тобунун мүчөсү болот. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына бүгүн, 3-ноябрда билдирди.

“Бул сынакка Кыргызстандын намысын коргоп Курал Чокоев катышса, мен калыстар тобунун катарын толуктап, мүчөсү болгонум үчүн кубанып жатам. Учурда колубузга виза, билеттерди алдык, буюрса, 25-ноябрда учуп кетебиз. 

Даярдык күч болгондуктан, жеңиш менен кайтабыз деген ишеничтемин. Кошумчалай кетсем, ал жакта балдардын арасында өткөрүлчү сынакта да калыстар тобунун мүчөсү болом. Бул сунуш жакында гана айтылгандыктан, бизден балдарды даярдай албай калдык. Эмдиги жылы таланттуу өспүрүм балдарды алып барабыз”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Kalin466
2014-11-03 18:58:02
Элечеги таптакыр эле жарашбай калыптыр. Курал кайсы конкурска катышса,апчебиз ошол жерде калыстар тобунда олтуруп калганын кандай тушунсок болот?
0
arstan123
2014-11-03 21:08:38
Kalin466, Айчурокко асылгандан жадаган жоксунбу? Булар чет олкого биздин намысты коргоп бара жатышат.Бул жерде элечек жонундо соз болгон жок да, жарашабы жарашпайбы деген. Монитордун ары жагына отуруп алып, в не темы сулоонун кажети жок.
0
berekeshka
2014-11-03 22:44:59
Kalin466, Ар ким оз дегнээлинде тушунот ага башынды оорутпа
+1
arjan
2014-11-03 20:16:13
Айчурок Иманалиева дегеле азаматсыз, тилегиниз кабыл болуп, Кыргызстаныбызга байгелуу орун алып келиниздер. Сиз ото эмгекчил айымсыз, бир соз менен айтканда сиз профи.
+1
arjan
2014-11-03 20:37:42
Элечек укмуш жарашыптыр, деги эле улут кийими Айчурок айымга абдан жарашат.
+1
arstan123
2014-11-03 20:41:45
Иииий, алтыным эжеке, молтуройсун го тим эле. Чет жака ушинтип уда удаа барабериниз, сыйлыктарды биз жака алып келебериниз.Сиз биздин примадонна!!!
0
mr.juma
2014-11-03 22:06:10
куралдан башка ырчылар барса болбойбу же эч ким андай ырдай албайбы ал эми жаш балдарды да дайардаса болмок 20 кун барэкен талантуу балдар ото коп
0
berekeshka
2014-11-03 22:43:11
Айчурок Иманалиева, Курал Чокоев силерге ийгилик каалайм
+1
german
2014-11-03 22:58:21
Аябай сыйлайм Айчурокту. Баардык тарабынан денгеели бийик айым жолунар шыдыр болсун! Курал дагы мыкты ырчы
+1
ayaza
2014-11-04 17:36:35
ХХХ болуп боёнгону эле болбосо,озу жакшы эле.
+1
admin_portal
2014-11-04 17:37:52
ayaza - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
+1
yalla
2014-11-04 18:43:45
Айчурок Иманалиеваны аябай сыйлайм, ырчы катары аял катары дагы ото мыкты инсан. Куралга ийгилик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан