Биз социалдык тармакта

Казакстандан электр энергиясын импорттоо маселеси бүгүн чечилиши мүмкүн

"Бүгүн Казакстандын борбору Астанада кыргыз тараптын делегациясы электр энергиясын импорттоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул маселе бүгүн чечилип калышы мүмкүн",- деди журналисттерге 4-ноябрда энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев.
Анын айтымында, казак тарап өз позициясында бекем турууда. "Бүгүн электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашуулар кабыл алынып, президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга 6-7-ноябрда болчу иш сапарынын жыйынтыгында электр энергиясынын баалары бекитилиши күтүлүүдө. Анда келишимдерге кол коюлмакчы",- деди министр.
Айта кетсек, Казакстандан импорттолгон 1 миллиард киловатт-саат электр энергиясынын 1 киловатт-саатынын баасы 5 сом 13 тыйын болушу күтүлүүдө. Ал эми калк үчүн 1 киловатт-саатынын баасы 2 сом 5 тыйын деп бекитилгени айтылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан