"Саякбай манасчы" коомдук фонду КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовго алп манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына карата чыгарылган кол саат тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан бүгүн, 11-ноябрда билдиришти. Фонддун директору, манасчы Талантаалы Бакчиевдин айтуусунда, мындай сааттардан 120 даана чыгарылып, Саякбай Каралаевдин "Манас" эпосун изилдеген, иликтеген инсандарга тапшырылган.