26-ноябрда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында саксофондун жаратуучусу Адольф Сакстын 200 жылдыгы белгиленет. Иш-чарага карата бельгиялык саксофонист Стефан Мерсье пианист Винсент Брюнинкстин коштоосунда өнөрүн тартуулайт. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда уюштуруучулар билдиришти.
Иш-чарага Бельгия падышалыгынын элчиси Мишель Петерманс жана Бельгиянын Бишкектеги консулу Ниязбек Алдашев катышат.
40 жаштагы Стефан Мерсье өзүнүн чеберчилигин 10 жылдап алдыга такшалткан. Медиа музыкалык тажрыйбасы бар музыкант дүйнө жүзүнө көптөгөн жаз альбомун таркаткан. Учурда солист катары Европаны, Латын Американы, Жакынкы Чыгыш мамлекеттерин, АКШ жана башка өлкөлөрдү гастролу менен кыдырып келет.