Бүгүн Канжар Кадыралиевдин жактоочулары Ош облустук администрациясына барышты

Бүгүн, 24-ноябрда Канжар Кадыралиевдин жактоочулары Ош облустук администрациясына барышты. Бул тууралуу К.Кадыралиевдин апасы Акдаана Кочкорова билдирди.

Анын айтымында, 20га жакын Өзгөн районунун аксакалдары жана туугандары Ош облусунун губернаторуна барышып, Канжар Кадыралиевдин ишин эки тараптуу, калыс кароону суранышууда. Ошондой эле Акдаана Кочкорова бул эч кандай митинг же акция эмес экенин кошумчалады. Айрым катышуучулардын айтымында, учурда чогулгандардын саны 200гө чукулдады, дагы да келгендер болууда. Учурда жактоочулар облус башчысынын кабыл алуусун күтүп жатышат. 

Буга чейин Ош шаардык соту тергөөгө келбегендигине байланыштуу К.Кадыралиевди камакка алуу чечимин чыгарган. Ошол эле күнү соттун бул токтомунун негизинде ага издөө жарыяланган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, К.Кадыралиев Өзгөн районундагы жана Ош шаарындагы туруктуу жашаган жерине 17-ноябрдан бери келе элек. Учурда анын кайда экени белгисиз.

Ал эми Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеп турган кызматынан бошоткон эле.

Айта кетсек, Канжар Кадыралиевден жапа тартканын айтышкан Сактан Келдибаевдин ата-энеси жана бир туугандары 10-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшкөн. Анда Канжар Кадыралиевдин ишкерди коркутуу жолу менен кафель чыгарган заводун тартып алууну көздөп жатканын айтышкан эле. Ошондой эле ишкер менен Канжар Кадыралиевдин телефондогу сүйлөшүүлөрү интернетке тараган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Aika96
2014-11-24 13:00:50
Канжар Кадыралиев озу прокуратурада иштесе сурака келбей коюп мыйзамды дагы бир ирет бузган турбайбы,кызык эми Канжарды актап чыгарышат болду бекен.Кылмыш кылып акча таратып эл чогултуп койсо боло береби?Канжар чон эле адамго кичине баладай болуп апасынын артына жашынганы кулкуну келтирет экен.Интернетке тараган тел.суйлошуусундо бандит боюнча калам дегенби?
0
Patron
2014-11-24 13:02:32
Булар адамдар канчага чейин эле бироону жактап журо беришет? К. Кадыралиев ак болсо озу сурак берсе болот да.
0
Patron
2014-11-24 13:04:07
Элди коркутуп жургон адам эми апасынын артына жашынды го эркек эмес экен.
+2
Gulsara_1986
2014-11-24 13:37:49
Куноосу жок болсо суракка келмек, демек куноосу бар учун качып журот! же кесиптештери бул кылмыш ишне конул деле болгон жок, дело ачымыш болушат да таппай атабыз деп жаап коет болсо керек да, карга карганын козун чукубайт да, бул дагы бир сясат озунчо
0
sabyr86
2014-11-24 16:03:21
Ак болсо чыксын ортого.Апасынын артына жашынбай.
0
ulukbek
2014-11-24 16:25:26
бул кыргыздын чыган жигиттерин ушинтип эле чекеден жок кылганды жакшы корушот кыргыздар озу эн начар калк болот экенда озу эми канжарды коралышпай ошого асыла башдаганын бизде эч кандай закон и тартип дагы жок
-1
ulukbek
2014-11-24 16:26:55
жазгандар ойлонуп жазсанар апасынын артына бекинип дебей ал андай адам эмес ойлонуп суйлогуло кыргыздар
-1
myrza80
2014-11-24 17:22:00
ulukbek, Сен кыргызсынбы?жазгандарын жалан кыргыздарга эскертип аткандай болуп калыптыр.Чыгаан жигитмин деп коргон нерсесин тартып ала бериш керекпи,эгерде Сактандын айтканы чын болсо.
+1
myrza80
2014-11-24 17:17:19
Бара бара бизде кылмышкерлер жалан бей бечаралар болот окшойт себеби чиновниктер алардын туугандары куноолуу болсо да элди чогултуп жоопкерчиликтен кутулуп кетишет.
0
maksnarin
2014-11-24 20:26:24
Маркум Рыспек,Баямандардай болсо айтат элем,калыс бандит экен деп,албетте алардын ХХХ да тен келбейт бул бала,мындайларды аябай катуу жазалаш керек.анан да жон турмого камаса эле бутту,жазасын ашыгы менен алат
+1
admin_superstan
2014-11-25 10:18:28
maksnarin, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз.
0
maksnarin
2014-11-24 20:28:41
Бизде да эчак эле мыйзам кабыл алышы керек,уйго бастырып кирсе суроо-сопкутсуз атып салган-(((!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан