"Мамлекеттик чек аралар көйгөйү менен баңгизат маселеси байланыштуу",- деди бүгүн, 26-ноябрда тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча кызматынын башчысы Тимур Исаков.
Анын айтымында, Чек ара кызматы мамлекеттик чек араларды бекемдөөгө аракет жасаса да, баңгизаттар өлкөнүн аймагына өткөрүлө берет. "Мындан улам өлкөдө, калк арасында баңгизатка каршы мамилени күчөтүү керек. Бул багытта жаштарга өзгөчө көңүл буруу зарыл",- деди ал.