Талантбек Батыралиев кыргызстандык медиктер Түркияда билимин жогорулатууда кыйынчылыктарга кезиккенин айтты

Түркиянын Стамбул шаарында Кыргызстандын жана Түркиянын саламаттыкты сактоо министрлери Талантбек Батыралиев менен Мехмет Муеззиноглу жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө министр Т.Батыралиев кыргызстандык медиктер өз квалификацияларын Түркиянын борбор шаарларында гана эмес, аймактарында да жогорулатууга даяр экендигин айтты. Анын билдиришинче, ошол эле учурда медиктер Түркияда кыйынчылыктарга кезигишүүдө. М.Муеззиноглу бул маселени карап чыгып, кыргызстандыктар үчүн билим алууну жеңилдетүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун алкагында тараптар кызматташтыктын төмөнкү багыттарын белгилешти: 

- саламаттыкты сактоо системдерин күчөтүү;

- медицина, фармацевтика, медициналык жабдуулар боюнча маалымат жана тажрыйба менен алмашуу;

- кадр ресурстарынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;

- саламаттык сактоо статистикасын жүргүзүү;

- эне жана бала өлүмүн азайтуу, эне жана баланын ден соолугун коргоо боюнча долбоорлорду түзүү жана башкалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан