Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда табигый кырсыктан жабыркагандарга бөлүнчү 200 миң сомдук ссуданын көлөмүн көбөйтүү сунушталууда

Кыргызстанда табигый кырсыктан жабыркагандарга бөлүнчү 200 миң сомдук ссуданын көлөмүн көбөйтүү керек. Мындай демилгени “Ата Журт” фракциясынын депутаттары 5-декабрдагы жыйынында өкмөткө сунуш кылышты. Жыйында Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жана аларды жоюу боюнча иш-аракеттери тууралуу өкмөттүн маалыматы угулду.  

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков жер титирөөнүн кесепеттерин иликтөө боюнча 5 жумушчу топ иш жүргүзүп жатканын айтты.

Депутат Надира Нарматова Мамлекеттик каттоо кызматына жер титирөөдөн жабыркагандардын үйлөрүнүн документтерин өзүнүн эсебинен тез арада бүтүрүп берүүнү сунуштады. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 6 жылдан бери жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга 1 миллиард 800 миллион сомго жакын акча бериле электигин билдирип, бул карыздар 2017-жылга чейин берилерин кошумчалады.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан