Токмоктогу Психоневрологиялык жатак-үйүнө 200 миң сомдук гуманитардык жардам берилди

Токмок шаарындагы Аралаш психоневрологиялык жатак-үйүнө 200 миң сомдук гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда КРнын Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Элим, барсыңбы?" кайрымдуулук фонду тарабынан аталган жатак-үйгө 5 муздаткыч, мештер, тоңдургуч жана башка жабдуулар берилди. 

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, бул акция ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо боюнча айлыктын алкагында өткөрүлүүдө. "Бүгүнкү күнү Кыргызстанда 155 миң майып жашайт. Өкмөт тарабынан аларга жардам көрсөтүлүп келет",- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан