7-февралда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында Ирандын искусство чеберлеринин концерти өтөт. Бул иш-чара Ирандын эгемендүүлүк алганына 34 жыл толушу менен байланыштуу уюштурулууда. Маалым болгондой, концертте аталган өлкөнүн жана Кыргызстандын артисттери өнөрлөрүн тартуулашмакчы. Эске сала кетсек, Иран 1979-жылы эгемендүүлүккө ээ болгон.