Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңеште “1976-жылдын 10-декабрында Женева шаарында кол коюлган "Табигый чөйрөгө таасир берүү каражаттарын аскердик же башкача кастык менен пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзам долбоору каралды.
Баяндамачынын айтымында, конвенцияга кошулуу өлкө жаратылышын аскерий куралдарды сыноо кесепеттеринен коргоо жаатында көмөк көрсөтөт. Конвенция талаптары жер титирөө, толкун, бороон-чапкын пайда кылуучу аскерий куралдарды сыноо жана пайдалануу чараларынын колдонулушуна бөгөт коёт.
Конвенцияга кошулууда мүчөлүк акы төлөнбөйт.
Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.