Вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 10-декабрда маалыматтык-коммуникациялык технологиялар рыногун өнүктүрүү маселеси талкууланган форумга катышты. Вице-премьер мобилдүү байланыш тармагындагы жетишкендиктерди, интернет колдонуу баасынын арзандыгын белгиледи. Кыргызстандын алдына коюлуп жаткан жаңы чакырыктар тууралуу пикир билдирди.
"Биз маалымат-коммуникациялык технология жаатында негизги принциптерди сактап калышыбыз керек. Алар: ачыктык, жеткиликтүүлүк, инфраструктураны өнүктүрүү принциби. Интернетти жөнгө салуудагы эркиндик - биздин жетишкендик. Бул биздин интеграция шартында кармануучу маанилүү баалуулук",- деди Сариева.