Бүгүн, 17-декабрда интеграция маселесине арналган тегерек столдун жүрүшүндө Орусия Кеңешинин эл аралык иштер боюнча адиси
Владимир Малахов эмне себептен Орусияда
легалдуу эмес түрдө иштеп жүргөндөрдүн пайда болуп жатканын түшүндүрүп берди.
"Орусияда мыйзамсыз эмгектенген, керектүү документтери жок жүргөн мигрантты "нелегал" деп атап коюшат эмеспи. Бирок мигрант мындайга ичи тардыгынан барбайт да. Буга өлкөдөгү бюрократиялык систем себеп. Мисалы, бир жумушка орношуу үчүн бир топ жерден кол койдуруш керек. Буга бир канча убакыт кетет. Мындан улам мигрант пара берип эле тез учурда документтерди даярдоого барат же документи жок эмгектенүүгө өтөт",- деди адис.