Каракол шаарында №4-гимназия-мектебинин базасында Каракол шаардык мамлекеттик архивдин филиалынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган филиалдын ачылыш аземине шаардын мэри Рыскул Калыгулов, Каракол
шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Автандил
Абдыкадыров, Каракол шаарынын вице-мэри Гүлназ Орозова, Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивдин башчысы Чынара Сейдиматова катышты.