Бүгүн, 17-декабрда маалымат жыйынында активист Калдыбек Суранчиев Кыргызстанда иш жүргүзгөн кытайлык инвесторлорду сынга алды.
"Кумтөр" кенинде эмгектенгендердин 80 пайызы кыргызстандыктар болсо, кытайлык ишканаларда 50-60 пайыздан көбүн кытайлыктар түзөт. Кытай инвесторлору өз кызыкчылыктарын КРнын мыйзамынан жогору көрүшөт. Тилекке каршы, биздин өкмөт аларга жакшы шарттарды түзүп берет",- деп нааразычылыгын билдирди Суранчиев.
"Биздин өлкөгө келиши менен кытайлыктар бардык жумушчу орундарды ээлеп алышууда. Мындан улам биздин мекендештер Орусияга же Казакстанга кетүүгө мажбур болуп жатышат",- деди ал.