"Уулум мындай окуяга туш болот деп такыр ойлогон эмесмин",- деди бүгүн, 16-январда SUPER.KG порталына "катуу сабалып, зордукталган" делген 2 жаштагы баланын атасы Назар Түлибеков.
Буга чейин массалык маалымат каражаттарына комментарий жана маек берүүдөн баш тартып келген ата биздин окурмандарга өзүнүн оюн билдирди:
"Уулума байланыштуу окуя азыр өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында талкууланып жатат. Мен өзүмдү актагым келбейт, актанууга акым да жок. Уулумдун мындай абалга жеткенине бир гана адам күнөөлүү, ал менмин. Өзүм курулушта иштейм, баламды жалгыз карай албай, тууганыма жардам сурап кайрылгам. Алар каршы болушкан жок, өткөн жылдын ноябрь айынан бери колунан келишинче каралашып келишти. Башында уулума күнүгө келип турчумун, кийин келип-кеткенде ал мени ээрчип ыйлап, куса болуп ооруй да баштаган. Анан агам “Көп келбей эле койчу, баланын жүрөгүн оорутпай. Андан көрө телефон менен байланышып тур, балаң куса болуп ооруп калып жатат” деди. Ошондон кийин уулума кез-кезде эле барчу болуп калгам. Акыркы жолу аны 1,5 ай мурун көргөм. Анан телефон аркылуу ал-абалын билип турчумун".
Анын айтымында, 10-январь күнү түнкү саат 11лер чамасында агасы телефон чалган. Ал "тезинен кел, уулуң ооруп калды, денесин калтырак басып жатат" деп айткан.
"Мен жаман оюм жок эле, сасык тумоо болуп, денеси ысып жаткан го деп ойлоптурмун. Үйгө киргенимде эле уулумдун кебетесин көрүп жүрөгүм түшүп калды. Анын бетинин баары тытылып, канжалап туруптур. Кырылдап араң дем алып жатыптыр. Сураштыра баштасам, аны тепкичтен кулап кеткен дешти. Мен өзүмдү жоготуп койдум, себеби андайды көрөм деп күткөн эмесмин. Шашкалактап уулумду кийинткиче анын денесиндеги жарааттарды көрүп, жинди болуп кете жаздадым. Кийинтип жатып башын караганымда ал башы менен урулганын байкадым. Анын абалы аябай эле оор болчу. Уулумду унаа менен ооруканага алып келдик, ал тиешелүү медициналык кароодон кийин жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды",- дейт Н.Түлибеков.
Анын айтымына караганда, бала ооруканага түшөрү менен милиция кызматкерлери да келишкен. Түнү менен Н.Түлибеков жана анын агасы, аялы суракта болушкан.
"Мен суракта отурганымда жаныбыздагы бөлмөдө жеңем да суракка алынды. Мен отурган бөлмөгө жеңемдин айткандарынын баары угулуп жатты. Ал "Бала ичи катып, дааратканага бара албай кыйналчу. Анан мен манжаларым менен чукуп заңын чыгарчумун. Ага клизма да жасачумун. Кээде тарбиялык максатта уруп, урушуп койчубуз" деди. Бул жерде неге баламдын ичи катканын, ал кыйналып жүргөнүн айтпаганына түшүнбөй жатам. Зээнди кейиткени, мени суракка алганда мага "балаң эси ооп жолдо келатканда зордуктадың" деп акылга сыйбаган нерселерди моюнга илейин дешти. Менин балам өлүм менен жашоонун ортосунда турса, мага ушундай жагымсыз нерселерди айтып, телефонумдан туугандарыма ар кандай СМС жиберип жатышты. Бул жерде эптеп кылмыштын бетин ачып, жаап коюу эмес, чындыкты сыртка чыгаруу зарыл",- дейт жабырланган наристенин атасы.
"Баланын өз энеси кайсы жакта? Бул кылмышка шектелип жаткан агаңыз менен жеңеңиз чындыгында эле ушундай кылмышка бара алышат беле?" деген суроого төмөнкүдөй жооп алдым:
"Уулумду 2 айлык кезинен бери өзүм карап келгем. Аны өз энеси 2 айлык кезинде мага берген. Башка маалымат булактары буга чейин жазгандай, ал Орусияда эмес, Кыргызстанда эле. Анын мурунку турмушунан 3 баласы бар болчу. Убагында бири-бирибизди жакшы билбей баш кошуп алыптырбыз, никебиз көпкө узаган жок. Эки ажырым жолго түшкөнүбүздө анын 3 айлык боюнда бар экенин билдик. Көз жарып, ал уулумду карап жүргөндө ага акчалай колдоо көрсөтүп, баланын атасы катары өз милдетимди аткарып жаттым. Уулум төрөлгөндө ал аны 2 ай эмизип, карап берди. Кийин экинчи жубайым каралашып жүрдү, тагдыр экен, мында да жолум болгон жок. Жалгыз бой ата болуп калганымда, ноябрь айларында уулумду агам каралашканга алган. Агам менен жеңем баламды уруп жүрүшү мүмкүн, бирок аны зордуктаган деген нерсе акылыма сыйбай жатат. "Кантип?" деген суроо жанымды койбойт... Иликтөө иштери аягына чыга элек, дагы көрө жатарбыз. Учурда мен үчүн эң маанилүүсү - уулумдун сакайып кетиши, менин жалгыз байлыгым да, бакытым да ошол. Мен эми аны эч кимге бербейм, мындан ары мен аны күттүрбөйм дагы... Өзүм 11 бир тууганмын, азыр уулумдун дары-дармегин берип, кезектешип анын жанында болуп жатабыз".
Жакынкы убакыт аралыгында бул окуяга чекит коюлары анык. Ал эми ооруканада жаткан баланын эртерээк сакайып, бактылуу балалык күндөрүн башынан өткөрсүн дейбиз.