19-20-январда Бишкекте кыргызстандык жана тажикстандык аялдардын кол өнөрчүлөр жамааты “Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аялдардын кол өнөрчүлөр жамаатынын экологиялык продукцияларын кеңири ассортиментте жасап, Борбор Азиядагы, Азиядагы жана Европа өлкөлөрүндөгү базарларда туруктуу өнүктүрүү” аталышындагы долбоордун алкагында окутулат.
Уюштуруучулар билдиришкендей, бул демилгенин максаты - товарларын жана кызматын атаандаштыкка жарагыдай жогорулатуу, көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү жана коомдогу социалдык туруктуулукту камсыздоо жолу аркылуу Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аялдардын кол өнөрчүлөр жамаатынын продукцияларынын илгерилөө процессин жакшыртуу.
Окуу программасында кол эмгегинен жасалган продукциянын сапатынын эл аралык стандарттары, продукциянын сапатын жогорулатуу жана өтүмдүүлүгүн жүргүзүү, эл аралык базарларда продукциянын сатуу маркасын иштеп чыгуу каралган.
Бул окутуу иштерине эл аралык жана улуттук эксперттер тартылат. Модулдар жана темалар Кыргызстан менен Тажикстандын максаттуу аудиториясынын ичинде дыкат анализ жүргүзүү аркылуу тандалып алынган.
Долбоор Европалык союзунун каржылоосунда өткөрүлөт.