Бишкекте Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигиндеги мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланды

Бүгүн, 23-январда Бишкекте Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинде болуп, жетекчилер менен жолугушту. Сүйлөшүү учурунда мамлекеттик тилдин кесиптик-техникалык билим берүү жаатындагы абалын жакшыртуу тууралуу сөз болду. Кыргызстанда 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын агенттикке тийиштүү максаттуу иштери айтылды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында агенттиктин директору ар бир кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тил боюнча жооптуу кызматкер дайындалып, тил маселеси жөнгө салынарын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан