Орусия кыргызстандык студенттерге 445 бюджеттик орун бөлүп берди

Орусия Кыргызстанга 445 квота бөлүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-январда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинде КРнын билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү орусиялык кесиптештери менен 2015-2016-жылдарга жогорку жана кошумча кесиптик билим берүү программалары боюнча бюджеттик орундарды бөлүштүрүү маселесин талкуулашты.

"Окууга талапкерлер тестирлөөнүн негизинде, аңгемелешүүнү эске алуу менен тандалат. Мындан тышкары алардын облустук, республикалык жана эл аралык деңгээлдеги олимпиадаларда жеткен ийгиликтерине көңүл бурулат",- деп түшүндүрдү мекеме.

Айта кетсек, талапкерлерди тандоо 25-февралда аяктамакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nookat_citi
2015-01-27 10:20:07
Кайжерде болот екен тестиравания мен рассия шаарынан тапшырып бюджетке отсом болобу билип беринчи админ
-1
orhidea83
2015-01-27 14:44:51
nookat_citi, тестирования,кайсы жерде, Россия..... толтура ката, анан кантип тест тапшырабыз?))))
0
kama_future_millioner
2015-01-27 10:27:07
Тестти москвадан да тапшырса болот бекен
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан