Кыргызстанда оор жашоо абалына түшкөн эркектерге жардам берүүчү борборлор быйыл да ачылышы мүмкүн

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Борбор Азиянын Евразия фондунун директору Брайан Дональдсонго оор жашоо абалына түшкөн эркектер үчүн борборлорду ачуу сунушун айтты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүн чечүүдө бир гана аялдар жана балдарга эмес, эркектерге да көңүл буруу керек. "Депрессияга кабылуу жана жумушсуздук үй-бүлөлүк зомбулукка алып келет. Мындан улам биз аталган борборлор тармагын ачууну керек деп ойлойбуз: ар бир облуска жана Бишкек, Ош шаарларына эки борбордон. Үй-бүлөлүк психологдордун жардамы менен бул көйгөй чечилиши керек",- деп сунуштады министр.
Брайан Дональдсондун айтымында, учурда ал жетектеген мекеме үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана гендердик саясатты ишке ашыруу долбоору боюнча БУУнун Траст-фондуна табыштама менен кайрылууда.
Мындан тышкары жолугушууда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендердин базасын түзүү маселеси да каралды.
Айта кетсек, Кыргызстанда эркектерге моралдык-психологиялык жактан жардам көрсөтүүчү 2 борбор иштеп жатат: бири Каракол шаарында, экинчиси Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында жайгашкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан