Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эс алуучу жайларды сойкукана катары кабыл алып, өз билемдик менен текшерүүгө алып жүргөн "Кыргыз чоролору" уюмуна рейддерди өткөрүүгө уруксат бергендигин четке какты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2012-жылдын 30-ноябрында УКМКнын өкүлдөрү "Люстрация: эл кыймылы", "Коррупцияга каршы күрөшүүгө коомдук жардам" жана "Кыргыз чоролору" уюмдары менен жолугушуу өткөргөн. "Анда коррупцияга каршы аракет көрүү боюнча меморандум бекитилген. Бул документте жеке ишканаларды текшерүүгө алуу боюнча кызматташуу белгиленген эмес болчу. Документ текшерүү жүргүзүүгө эч кандай уруксат бербейт. Ага ылайык, аталган уюмдар мамлекеттик кызматкерлер тарабынан коррупциялык укук бузуулар боюнча шек менен УКМКга кайрылганы туура. Андыктан "Кыргыз чоролору" уюмунун эс алуучу жайларды текшерүүгө алгандыгы ошол меморандумга ылайык келбейт жана УКМКга тиешеси жок",- деп жооп берди басма сөз кызматы.
Мындан тышкары Ички иштер министрлиги да "Кыргыз чоролору" уюмунун текшерүү иш-аракеттери мыйзамсыз экенин айткан.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын 28-декабрында "Кыргыз чоролору" уюму Бишкек шаарынын "Таатан" соода борборунун жанында жайгашкан караоке-клубду сойкукана деп, өзүм билемдик менен текшерүүгө алган. 24-январда алар ошол эле шылтоо менен борбор калаадагы дагы бир эс алуучу жайга рейд жүргүзгөн.