Ош шаарынын мэри Жапалак аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү

Өткөн 2014-жылы Ош шаарында өндүрүлгөн айыл чарба продукциясы 2 миллиард 769,4 миллион сомду түзгөн. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 208 миллион сомго көп дегенди билдирет. Муну Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Жапалак аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Мэриядан билдиришкендей, бүгүнкү күндө 2014-жылдын бардык көрсөткүчтөрү боюнча биринчи орунда Ош шаары келатат. Өткөн жылы шаар ичинде 3 ири өндүрүүчү ишкана ачылган: кир жуучу машина чыгарган завод, курулуш иштерине керектелүүчү материалдарды чыгаруучу ишкана жана гипсокартон чыгарган ишкана. Бул ишканалардын ачылышы менен 850 адам жумуш оруну менен камсыздалган.

“Жапалак аймактык башкармалыгында өткөн жылдын 4 ай аралыгында 120 балага ылайыкталган жаңы бала бакча ишке берилди. Азыркы тапта 90 балага ылайыкталган бала бакчалар Гүлбар-Төлөйкөн айылында жана Амир-Темир кичи районунда да курулууда. Ал эми Озгур айылында Б.Алыкулов атындагы №33-мектептин 230 окуучуга ылайыкталган жаңы корпусу салынып, ишке берилди”,- деди А.Кадырбаев.

Мэрдин айтымына караганда, Жапалак айылында 120дан ашуун электр тирегичтер орнотулган. Ошондой эле электр түйүндөрүнө күч келтирбөө максатында эски көмөк чордондор кубаттуулугу жогорку көмөк чордондорго алмаштырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
erlanaitibaev
2015-01-28 10:29:23
колунан дагы эмне келет экен жаны мээрдин
+1
brend007
2015-01-28 11:34:21
Мелистин иштерини менчиктештирип алыптыр го. Мектептерди Мелис баштаган болчу. Эх кыргызым эл учун иштеген патриотторду качан колдойбуз. Кичине эле башы корунсо куугунтуктайбыз.
-2
kursantbek
2015-01-28 11:54:14
brend007, ошол жолду туура улантып жатканына кудайга шугур десен аларды токтотуп озунун прогоамасы менен иштегенде эмне болот еле))))
0
brend007
2015-01-28 15:32:15
kursantbek, туура го бирок тез которулуп, ондолуп келаткан шаар бираз токтоп калгандай да. мени оюм. барибир Мелис келет бийлике.
0
uulay
2015-01-29 09:28:24
Кенештикерге эмне деп лапшаларды илди экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан