Ош шаарынын мэри чет өлкөдө жасалуучу операцияга муктаж болгон журналист Исманалы Муратовго материалдык жардам берди

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев журналист Исманалы Муратовду чет өлкөдө операция жасатуу үчүн мэриянын атынан 100 миң сом жана жеке үй-бүлөсүнүн атынан акчалай жардам көрсөттү.

"Исманалынын ден соолугуна байланыштуу түшкөн сыноо ага эмес, жалпы момун мусулмандарга Жараткандан берилген сыноо деп билебиз. Ушундай кыйын күнгө кабылганда бири-бирибизге кол сунушубуз керек. Учурдан пайдаланып, колунда бар бардык жарандарга кайрылат элем, биргеликте жардам берели. Ал эми мэрия тарабынан көрсөтүлүп жаткан бүгүнкү жардам башталышы гана болуп калсын. Жакынкы күндөрдө Ош шаарында чоң жыйын болот, ошондо бардык мекеме, ишканалардан жардам берүүнү суранып өтөйүн. Ал эми жубайына жасаган дарыгерлердин шалаакы мамилеси боюнча ишти жеке көзөмөлүмө алам”,- деди А.Кадырбаев.

Журналист Исманалы Муратов өз учурунда жеке тагдырына байланышкан оор күндөрдө алгачкылардан болуп жардам көрсөткөн Ош шаарынын мэрине ыраазычылыгын билдирди.

Ош шаарынын тургуну И.Муратов боорундагы альвеококкоз оорусуна байланыштуу чет өлкөдө боорун 80 миң АКШ долларына алмаштыруусу керек. Ошондой эле жубайы Мехригүл Саитова да боюндагы эгиз балдарын операция жолу менен алгандыгына байланыштуу эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн төбүлүккө ажыраган. Исманалынын достору операцияга акча чогултуу максатында акция өткөрүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Oolokon
2015-01-29 14:28:54
Азаматсын Айтматат!!!
-1
nurshoola
2015-01-29 14:43:56
келинчегине кыйын болуптур ошол медайым жоопко тартылып жазасын алсын бечара келинди бир омур эне болуу бактысынан кур калтырган исманалын оштвда берген маегин коруп козумо жаш келип кетти
+1
Akmosha
2015-01-29 23:17:02
Аллах шыпаасын берип оорудан жакшы болушунарды тилейм.Келинчегине да жаман болуптур,эне болуу мумкунчулугунон ажыраганы аз келгенсип,укпай да калыптыр да,журогум ооруп кетти.Чондор ушундайда жардамга келсе кана,атаганат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан