Бүгүнкү күндө Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна 24 дарыгер жетишпейт. Бөлүп санай келгенде, жалпысынан 14 үй-бүлөлүк дарыгерге жана онколог, нарколог, рентгенолог, логопед, уролог, эндоскопист, иммунолог, физиотерапевттерге муктаждык бар. Мындай маалымат Нарын шаардык мэриясынын социалдык-маданий өнүктүрүү сектору жана социалдык мекеме-ишканалар тарабынан 2014-жылы аткарылган иштери боюнча маалыматында камтылган.
Маалыматка ылайык, 2014-жылы аталган борбор тарабынан калктын ден соолугун коргоо жана чыңдоо боюнча, сергек жашоо үлгүсүн калыптандыруу, медициналык жардамдын сапатын, натыйжалуулугун арттыруу, оорунун алдын алуу, дары-дармектер менен камсыз кылуу, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу максатында бир катар иштер жасалды. Нарын шаарынын калкына алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө 5 борбор жана "Тез жардам" бөлүмү иш алып барышат. Ошондой эле 39 дарыгер, 105 орто медициналык кызматкер эмгектенет. 2014-жылы 8 дарыгер, 17 орто медициналык кызматкер билим деңгээлин жогорулатты.
Бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселелеринин бири болуп калкка алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө дарыгерлердин жетишсиздиги, өзгөчө үй-бүлөлүк дарыгерлердин жоктугу көрсөтүлүп жаткан алгачкы медициналык жардамдын сапатына терс таасирин тийгизүүдɵ. Иштеп жаткан дарыгерлердин ичинен 55-60 жаштан өткөндөр 61,5 пайызды түзсө, ал эми 35 жашка чейинки дарыгерлер 5,1 пайызды түзөт.