31-январдан 2-февралга чейин Талас жана Чүй облустарынын айрым жерлеринде көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу маал-маалы менен жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, эртең, 31-январда саат 09:00дөн 18:00гө чейин Манас районуна караштуу Кеңеш, Кызыл-Жылдыз айылдарында жана Кара-Буура районундагы Шекер, Кызыл-Адыр, Крупская айылдарында жарык өчөт.
1-февралда Манас районундагы Покровка, Жайылган айылдарында, 2-февралда Бакай-Ата районундагы Кызыл-Чарба, Ак-Дөбө айылдарында электр жарыгына чектөө киргизилет.
Ошондой эле Чүй облусундагы Кара-Балта шаарында 2-февраль күнү түшкө чейин маал-маалы менен жарык өчөт.