Бүгүн, 30-январда Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясында 2014-жылдын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү жана 2015-жылга милдеттерди коюу боюнча коллегиясы өткөрүлдү. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, аталган жыйынга облустун тийиштүү жетекчилери, райондук мекеме-уюм жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана тиешелүү кызматкерлер катышышты.
Маалыматка ылайык, район акими Каныбек Алиязов 2013-2014-жылдары 8 мектеп, 1 бала бакча, 3 спортзал, эки кабаттуу Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору курулуп, ишке берилгендигине токтолуп, 2015-жылы да бир катар жаңы мектептер жана “Аристин” эсебинен жаңы 2 спортзал салынарын айтты. 2014-жылы 6,7 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 2015-жылга болжол менен дагы 8 чакырымга асфальт төшөлүүсү күтүлүп жаткандыгын белгиледи.
2014-жылы райондун социалдык инфраструктурасын көтөрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишкендиги үчүн Чалма айыл өкмөтү 1-даражадагы диплом жана 20 миң сом менен сыйланды. Ошондой эле дипломго кошо Сары-Булак айыл өкмөтү 15 миң сом, Алайкуу айыл өкмөтү 10 миң сом акчалай сыйлык алды. Мындан сырткары райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон чоң салымдары үчүн 14 адамга Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.