Бүгүн, 30-январда Ош шаарында "Жаштар балдарга карата зомбулукка каршы!" аттуу акция өткөрүлдү.
Иш-чара КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы, министрликтин алдында ачылган Жаштар борбору тарбынан уюштурулду.
Иш-чарага 50дөн ашуун жаштар катышты. Алар зомбулукка каршы чакырык жазылган плакаттар менен чыгышып, маалыматтар камтылган китепчелерди таратышты.
Акциянын максаты - өлкөдө болуп жаткан жаш балдарга карата зомбулуктардын алдын алуу, коомдун көңүлүн буруу жана бирге күрөшүүгө үндөө.