30-январь күнү Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен Түркия элчилигинин Диний кеңешчилиги тарабынан уюштурулган имамдар курсу жыйынтыкталды. Ош облустук казыятынан кабарлашкандай, бул салтанатка Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк регионундагы өкүлү Курбаналы Узаков, Ош мамлекеттик университетинин жетекчилигинин жана Кыргызстандагы Түркия элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчилигинин өкүлдөрү катышышты.
19-январдан 29-январга чейин өткөрүлгөн 10 күндүк окуу курсунда имамдар өздөрүнүн билим тажрыйбасын жогорулатышып, керектүү маалыматтарды ала алышты. Имамдар аталган курста белгилүү диний ишмерлери сабак өтүшүп, турмуштук тажрыйбаларда пайда болгон маанилүү маселелерди чечүүгө чоң өбөлгө болгондугун белгилешти.
Салтанаттуу аземдин соңунда окуу курсун ийгиликтүү бүтүргөн 60 имамга атайын күбөлүктөр тапшырылып, ыраазычылык сөздөр айтылды. Эскерте кетсек, имамдардын окуу курсуна Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын имамдары катышкан.