Стрельник айылында "Баарыбыз лыжага!" аттуу спорттук акция өттү

Чүй облусунун Стрельник айылында 1-февралда "Баарыбыз лыжага!" аттуу спорттук иш-чара өттү. Акцияга борбор шаардын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров жана шаардын 4 районундагы реабилитациялык борборлордон 400дөй бала катышты. Балдар үчүн "Кар киши" жана "Көзгө атар" деген спорттук эстафеталар уюштурулганын билдирет мэриянын басма сөз кызматы. Иш-чаранын максаты - кышкы спортту даңазалоо, балдарды активдүү эс алууга, спорт менен алектенүүгө үндөө. 

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мэри
2015-02-03 00:45:43
Керемет! 1-сүрөт сонун тартылыптыр, анан Кар киши тайгаланып жыгылып кеткен го, ээ )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан