Ливиядагы теракттан каза болгон үч кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча документтер даяр болду

Бүгүн, 2-февралда КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков Ливиядагы теракттан каза болгон үч кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча документтер даяр болгонун SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымына караганда, маркумдардын сөөгү бүгүн Ливиянын борборунан чыгарылат. "Акыркы маалымат боюнча, теракттан набыт болгондордун сөөгү Триполи шаарынан чыгарылат, бирок Кыргызстанга качан келери белгисиз. Кыргызстан менен Ливиянын ортосунда түз авиакаттам жок болгондуктан, кыргызстандыктардын сөөгү үчүнчү өлкө аркылуу келет. Азырынча кайсы мамлекет аркылуу алынып келери белгисиз",- деди Турдакун Сыдыков.  
27-январда Ливиянын Триполи шаарындагы "Corinthia" аталыштагы мейманканага террорчулардын куралдуу кол салуусунан жалпы 10 адам каза тапкан. Окуяга күбө болгондордун айтымында, кол салууну бет кап кийген куралчан беш адам ишке ашырган. Чабуул маалында имараттын жанындагы унаа да жардырылган. Кол салууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз моюнуна алды. Көз жумгандардын арасында АКШ, Франция, Ливия жана Кыргызстандын 3 жараны бар. 
"S.Group International" кыргыз компаниясында эмгектенип келген 28 жаштагы авиаинженер Замир Бекетаев жана Гүлзина Бешбакова, Галина Колосветова аттуу стюардессалар каза тапкан. Кыргызстандык жарандар кезектеги Стамбул-Триполи каттамы менен Ливияга барып, теракт учурунда отелде эс алып жатышкан.
"S.Group International" компаниясы өткөн жылы Airbus A320-200 учагын Триполи шаарындагы "Барак Эйр" ливиялык компаниясына лизингге бергени белгилүү болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан