2-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 55 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 3 миллиард 769 миллион метр кубга аз. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка агып кирген суунун агымы быйыл секундуна 129 метр куб болсо, 2014-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 184 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундуна 620 метр куб болсо, былтыр ал көрсөткүч 753 метр кубду түзгөн.
Эске салсак, өткөн жылы 2-февралда суу сактагычтагы суунун көлөмү 11 миллиард 824 миллион метр кубду түзгөн.