Улуттук банк сомдун курсун сактап калыш үчүн 11,9 миллион доллар интервенция жасады

Улуттук банк 11,9 миллион доллар интервенция жасады. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда аталган банктан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-февралда доллардын курсу 61 сомго жетип, бир сутка ичинде 60 тыйынга кымбаттаган. Буга чейин доллардын курсу 60 сомдун тегерегинде сакталып келген.

Айта кетсек, Улуттук банк сомдун курсун сактап калыш үчүн январь айында эле 60 миллион доллардан ашык интервенция кылган. Ал эми 2014-жылы бул көрсөткүч 500 миллион доллардан ашкан.

Валюталык интервенция - мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Улуттук банк тарабынан валюта рыногунда чет элдик валютанын сатылышы же сатылып алынышы.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
temirov76
2015-02-04 10:01:31
Интервенция деген эмне?
0
aikow92
2015-02-04 10:32:06
Валюта интервенциясы — борбордук банктын олкодогу валюта курсуна, валюта рыногуна таасир бере турган кадамы. Ири олчомдогу Чет элдик валютаны сатып алуу же сатуу аркылуу ишке ашат. Валюта интервенциясы чет элдик акчалардын курсун козомолдоо учун киргизилет. Валюта, курс, рынок деген создордун маанисин интернеттен карап окуп алса да болот.
+1
suyor
2015-02-04 10:46:05
aikow92, бул сулуу кыз мугалим болуп кеткенго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан