Кыргыз эстрада ырчысы
Кенже Дүйшеева жана
"Жебе" тобунун жигиттери 14-февралда Орусиянын Москва шаарындагы мекендештерге чыгармачылыгын тартуулайт. Бул тууралуу ырчы айым
SUPER.KG порталына билдирди.
Белгилей кетсек, "Жебе" тобу биринчи жолу Орусиядагы мекендештерге өнөрүн көрсөтөт. Арзышкандар күнүнө арналган кечеде жаңы жазылган патриоттук ырлар, махабат кайрыктары жаңырат.
"Алыста жүргөн мекендештер кыргыз музыкасын сагынып калышат. Алардын руханий жан дүйнөсүн байытып, кусалыгын таратып келүүнү көздөп, сапар алганга даярдык көрүүдөбүз. Концертте эл жакшы көргөн чыгармаларыбызды, мекенди сүйүүгө багытталган ырларыбызды оболотобуз. Учурда чет жактарга чакыруулар көп болууда, ошондуктан "Жебе" тобунун күйөрмандарынын саны жыл санап өсүп жатканы мени сүйүнтөт",- деди Кенже Дүйшеева.