2015-жылы Арча-Бешик конушунда суу көйгөйү былтыркыдай кайталанбайт. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, быйыл май айында 4,5 жыл бою иштеп жаткан долбоордун алкагында "Баш-Кара-Суу" скважинасы иштей баштайт. "Биз толук көлөм менен Арча-Бешикке берип жаттык. Айрым көчөлөргө иче турган суу жетпей калган, анткени бул көчөлөргө чейин жайгашкан үйлөр сууну сугатка колдонушкан. Ошондуктан тартипке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Эми майдан тарта "Баш-Кара-Суу" иштей баштаса, бул маселе чечилет деген ишеничтебиз. Мындан тышкары учурда шаардын чыгыш бөлүгүн суу менен камсыздоо боюнча долбоор иштелип жатат",- деди мэр.